Жапаров Россиянын Президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

 Жапаров Россиянын Президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 18-сентябрда, Президент Садыр Жапаров Россиянын  Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө лидерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.
Садыр Жапаров Владимир Путинге учурдагы абал, кыргыз тараптан каза болгондордун жана жабыркагандардын саны, кагылышуулардын натыйжасында Кыргызстандын Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилердин талкаланышы жөнүндө маалымдады.

Эки тараптан тең Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кризистик кырдаалды тынчтык дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Жанылыктар