Жапаров: кызматка койбосоң эле оппозиция болуп чыга келишет

 Жапаров: кызматка койбосоң эле оппозиция болуп чыга келишет

Президент Садыр Жапаров СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берип, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбековго жооп берди. 

Ал Талгарбеков айыл чарба министри болгон мезгилде Кыргызстандын айыл чарбасы, мал чарбасы талкаланганын белгилеп, ошондон бери айыл чарбасы бутуна тура албай келе жатканын айтты.

Садыр Жапаров Талгарбековду кабыл алганын, анда ал өзүн мамлекет башчынын кеңешчиси, дагы бир сунуштаган кишисин Нарын облусуна губернатор кылууну сунуштаганын билдирди.

“Өзүн кызматка койбосоң же баласын губернатор кылбасаң эле ушинтип оппозиция болуп чыга келишет. Айланасына абышка-кемпирлерди топтоп алган, «Төртүнчү революцияны мен жасайм да, президент болом” деп жүрөт. Москвага барып акча да издеп келди. Буларга мамлекеттин тагдыры бир тыйын экен. Элди ойлоп да койбойт, анан эле эл деп сүйлөсө, жанына киши тура албайт. Бирок жүрөгүндө эл деген кыпындай да мекенчилдик сезими жок”, – деп билдирген.

Жапаров, саясатчылар элге ким чындап жүрөгү менен күйөрүн, ким тили менен күйөрүн жакшы билерин, ошондуктан мындай кишилерге көңүл бурбай эле коюуга чакырган.

Жанылыктар