Жапаров Кыргызстандын хоккейчилерин жеңиши менен куттуктады

Кечээ, 8-мартта Бишкек шаарында IV дивизиондогу хоккей боюнча 2022-жылдагы дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды.
Президент Садыр Жапаров жана өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова Кыргызстан менен Кувейт курамаларынын ортосундагы турнирдин финалдык беттешин трибунадан көрүүчүлөр катары көрүштү.
Улуттук курама Кувейт командасын 14:0 эсебинде жеңип, аны менен бул Дүйнө чемпионатында биринчи орунду ээледи.
Төртүнчү дивизиондо чемпион болгон Кыргызстандын курама командасы эми Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу алдында үчүнчү дивизиондо ойнойт.
Сыйлыктарды тапшыруу аземи аяктагандан кийин Мамлекет башчысы Кыргызстандын командасынын кийим алмаштыруучу жайына кирип, хоккейчилерибизди Чемпионаттагы ишенимдүү жеңиши менен куттуктады.
Белгилей кетсек, 3- 8-март күндөрү Бишкекте төртүнчү дивизиондун командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өттү.
Бул республиканын аймагында өткөрүлгөн спорттун олимпиадалык түрү боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат болду.
Турнирге Кыргызстан, Кувейт, Сингапур, Малайзия жана Ирандан беш курама команда катышты.