Жапаров: Кыргызстанда жыл сайын 24 мектеп курулат

 Жапаров: Кыргызстанда жыл сайын 24 мектеп курулат

Жогорку Кеңештин бүгүнкү 16-февралдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү имараттарынын курулушу боюнча маалымат берди.

Жапаров курулушу 50 пайызга жетип токтоп калган мектеп, бала бакчалар 3 жыл ичинде бүткөрүлө турганын билдирди.

“Өлкө боюнча курулушу башталып, бирок аягына чыкпай калган билим берүү мекемелеринин санын 546 деп эсептедик. Быйылкы жылдан тарта алардын курулушун бүткөрүүгө басым жасайбыз. Ошондой эле президенттин жылына 24 жаңы мектеп курулсун деген тапшырмасы бар. Аны дагы аткарышыбыз керек”,-деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Акылбек Жапаров мындан тышкары 65 мектеп авариялык абалда экени аныкталганын жана дагы 40га жакын мектептин абалы текшериле турганын айтты.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар