Телерадиокомпания

Жапаров: “Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу олуттуу кооптонууну жаратууда”

 Жапаров: “Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу олуттуу кооптонууну жаратууда”

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кырдаал олуттуу кооптонууну жаратып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн Кыргызстан өзү өндүргөн базалык продуктулар менен эң аз дегенде 80% камсыз кылыш керек. Ал эми мамлекеттик материалдык резервдеги запастар калктын 90 күндүк муктаждыгын жабууга тийиш.

“Тилекке каршы, статистикалык маалыматтар көрсөтүп тургандай, азыркы учурда Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээли критикалык абалда турат. Өздүк өндүрүштүн эсебинен биз өзүбүздү нан азыктары, эт, шекер жана жумуртка сыяктуу продуктулар менен болгону 40%, ал эми өсүмдүк майы менен 24% гана камсыз кыла алабыз”, – деди президент.

Жапаров бул багыттагы көйгөйлөр катары агро өнөр жай комплексин натыйжасыз башкаруу, суунун аз болуусу, мелиорациядагы көйгөйлөр, кургакчылык сыяктуу мисалдарды келтирди.

Жанылыктар