Жапаров: Кыргызстанда үйлөрдүн сапаты текшериле баштады

 Жапаров: Кыргызстанда үйлөрдүн сапаты текшериле баштады

Жогорку Кеңештин бүгүнкү 16-февралдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты текшериле баштаганын билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы курулуштун сапатын текшерүүгө кошумча шаймандар алына турганын жана текшерүүлөр бир кварталдын ичинде аяктай турганын кошумчалады.

“Бетондун бекемдигин текшерген “Молоток Кашкарова” шайманын буйрутма бердик. Андан тышкары, рентген аппараты менен да текшеребиз. Эгерде имараттын кайсы бир жерин бекемдеш керек болсо, куруучусун таап чыгып тапшырма беребиз. Курулганына 10-15 жыл болгон болсо да табабыз. Бул жумушту бир кварталдын ичинде аягына чыгарабыз. Ал эми азыр курулуп жаткан үйлөрдү катуу көзөмөлгө алабыз”, – деди Жапаров.

Түркияда жана Сирия он миңдеген адамдын өмүрүн алган соңку жер титирөөдөн кийин курулуштардын сейсмикалык коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлүүдө. Кыргызстанда кабат үйлөр 9 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере аларын 10-февралда Жогорку Кеңештин “Мекенчил” депутаттык тобунун отурумунда Архитектура, курулуш көзөмөлдөө департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу билдирген.

15-февралда президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде, Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты 30 жылдан бери каралбай келгенин, бул тармакка көзөмөл акыркы эки жылда гана күчөтүлгөнүн билдирген.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар