Жапаров: Кыргызстан Австрия менен чакан жана кичи ГЭСтерди куруу боюнча кызматташтыкка кызыктар.

Бүгүн, 5-ноябрда президент Садыр Жапаров “Европа биримдиги — Борбордук Азия” Биринчи экономикалык форумунун алкагында Австриянын тышкы иштер министри Михаэль Линхартты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жапаров австрия тарапка экономикалык форумга колдоо көрсөткөндүгү жана катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
«Биз бул платформа келечекте Борбордук Азия өлкөлөрү жана Европа биримдигинин ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн туруктуу механизми болуп калышын каалайбыз», — деди ал.
Мамлекет башчысы Австрия Кыргызстандын Европа биримдигиндеги маанилүү өнөктөшү болуп саналарын белгиледи.
Ал келерки жылы Кыргызстан менен Австриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгын белгилөө пландалып жатканын эске салды. “Бул убакыттын ичинде биз кызматташуунун жемиштүү жолун басып өттүк. Келерки жылы эки тараптуу кызматташуубуздагы маанилүү датаны эске алуу менен биз Австрия тарабына бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү, кызматташуубуздун бардык багыттары боюнча биргелешкен Жол картасын иштеп чыгууну сунуштайбыз”, — деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын ири гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрү бар экенине өзгөчө көңүл буруп, Австрия менен чакан жана кичи ГЭСтерди куруу боюнча кызматташтыкка кызыгуусун билдирди.
Өз кезегинде Михаэль Линхарт кыргыз тараптын меймандостугуна жана дүйнөдөгү пандемияга байланыштуу кырдаалга караабстан иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруусуна ыраазычылык билдирди.
Ал Австрия Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи, анын ичинде Афганистандагы кырдаалды эске алуу менен регионалдык маселелер боюнча дагы.