Жапаров коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

 Жапаров коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-мартта, өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Анда дүйнөдө түзүлгөн кырдаалдан келип чыккан маселелер, мүмкүн болгон социалдык-экономикалык таасирдин сценарийлери, ошондой эле өлкөнүн аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалды мындан ары турукташтыруу маселелери каралды.

Кеңешмеде тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин баяндамалары угулду.

Талкуу жыйынтыгы боюнча президент Садыр Жапаров бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Жанылыктар