Жапаров: Кемпир-Абаддын жерин кийин Өзбекстан менен алмашып алсак болот

 Жапаров: Кемпир-Абаддын жерин кийин Өзбекстан менен алмашып алсак болот

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычы 4 485 гектар жерди Кыргызстан кийин Өзбекстан менен алмашып алса болорун айтты.

Бул туурасында ал Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында билдирди. Өлкө башчы Кыргызстан Өзбекстан менен баш-аягы 1500 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоо алдында турганын айтып, депутаттарды мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрүүдө жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

“Макул, суу түгөнүп суу сактагыч кургап кетти дейли. Ордуна теңме-тең башка жерден жер берип алмашып алсак болот. “Айланайын” деп алмашат. Анткени аларга суудан бошогон таш, кум баскан сайдын кереги жок. Ал жерге пахта эге албайсың же шалы эге албайсың. Кыйкыргычтар “Өзбекстанга башка жерден жер берип суунун алдындагы жерди алып бергиле” дешет. Өзбек туугандардын башы жакшы иштейт. Ошондуктан 30-40 жыл алдыга кетишти. Биз болсо дагы деле кыйкырыктан башыбыз чыкпай жүрөбүз. Бүгүн ушундай алмашуу кылалы чек аралаш жерден 4000 га айдоо жерди берели суу кургап кетсе суунун алдындагы жер Өзгөнгө калсын десек “айланайын” деп макул болушат. Анткени суу 100-200 жыл, керек болсо дагы бир нече кылым жатарын билишет алар. Ага чейин бул жерди колдоно берели деп макул болушат. Ошондуктан өзгөндүк туугандар шашпай тургула. Ошол суу астындагы жерди бир, 10 же 100 жылдан кийин алмашып алабыз. Ага чейин өзүбүз иштетип туралы”, – деди Жапаров.

Белгилесек, Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрдү.

Документ эми президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар