ОшТВ телерадиокомпаниясы

Жапаров Казакстандын жаңы премьер-министрин куттуктап, Кыргызстанга чакырды

 Жапаров Казакстандын жаңы премьер-министрин куттуктап, Кыргызстанга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын жаңы дайындалган премьер-министри Алихан Смаиловду куттуктап, Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.  

Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сиздин зор тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз боордош өлкөбүздү кайгылуу окуялардан кийин тез арада калыбына келтирүүгө кызмат кылып, аны туруктуу өнүгүү жолуна кайтараарына ишенем. Өз тарабымдан биздин өлкөлөрдүн элинин кызыкчылыгы жана бакубаттуулугу үчүн келечекте эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө жана чыңдоодо биргелешкен активдүү ишке даяр экенимди тастыктайм», – деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле Жапаров Алихан Смаиловго чың ден-соолук, бакубаттуулук жана жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми бир тууган казак элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Жанылыктар