Жапаров “Камбар-Ата-1” менен Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунунун курулуш баасын айтты

 Жапаров “Камбар-Ата-1”  менен Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунунун курулуш баасын айтты

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы жайкы тыныгуудан кийин 1-сентябрда ишин расмий баштады.

Жыйынга катышкан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Камбар-Ата-1” менен Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча маалымат берди.

“Биз “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоорун баштадык. Биздин эксперттердин эсебинде, бул 5-6 миллиард долларлык экономикабыздагы ири долбоорлордун бири. Буга байланыштуу бир топ мыйзамдарга да өзгөртүү киргизишибиз керек. Силер менен чогуу суроо-талаптарыбызды чечебиз деген үмүтүбүз бар. 15-16-сентябрда ШКУнун Самарканддагы жыйынында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча келишимге кол коюларын күтүп жатабыз. Божомолдор боюнча жылдын экинчи жарымында техникалык-экономикалык негиздемеси бүтөт, 5-7 млрд доллар керектелет”, – деди Жапаров.

“Камбар-Ата-1”ГЭСинин биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда. ГЭС курулуп бүтсө 1 860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт.

Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экендиги айтылган.

 

Жанылыктар