Жапаров: Ишинде жыйынтык көрсөтө албаган айыл өкмөт башчылары кызматтан кетет

 Жапаров: Ишинде жыйынтык көрсөтө албаган айыл өкмөт башчылары кызматтан кетет

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү менен жолугушту.

Жапаров жолугушууда өлкөдө 453 айыл өкмөттүн 377си же 84%ы дотацияда экенин айтып, айыл аймакты алдыга жылдыра албаган жетекчилер кызматтан бошотуларын белгиледи.

«Өткөн жылы биз сиздер менен Бишкек шаарында жолугушуу өткөрүп, анда тапшырмалар берилген. Иш талаптагыдай жүргүзүлбөй жатат. Кадрларды аттестациялоо жана ротациялоо иштери жүргүзүлдү. Бирок эки жылдан бери ишиңиздерде жылыш байкалбай жатат, мурдагыдай эле эски ыкма менен иштеп жатасыздар, жогорку органдардан буйрук күтүп, объекттер мамлекеттин каражатысыз курулбайт, элдин кайрылуусу уланууда. Бир жыл өттү, жыйынтык чыгарууга убакыт келди. Сыйлыкка татыктууларга сыйлык беребиз, эски ыкма менен иштеп, натыйжа көрсөтө албагандар менен коштошобуз. Элге эң жакын бийлик – бул жергиликтүү бийлик. Жергиликтүү калктын, аймактын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү милдети сиздерге жүктөлгөн», – деди Акылбек Жапаров.

Жапаров  жумушчу сапардын жүрүшүндө ошондой эле Кадамжай районунун Марказ айылындагы орто мектептин абалы менен таанышты, анда мектептердин жетишсиздигинен улам балдар үч нөөмөт менен билим алууда. Министрлер Кабинетинин башчысы айылда келерки жылы дагы бир мектеп курула тургандыгын билдирди.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар