Жапаров Глазгодо Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөткөн эл аралык донорлор менен жолукту.

 Жапаров Глазгодо Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөткөн эл аралык донорлор менен жолукту.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Глазго болгон сапарынын алкагында Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүп жаткан айрым донор уюмдардын жетекчилери менен жолугушту.
Бүгүн, 1-ноябрда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту. Анда тараптар ортодогу кызматташтык алкагында ишке ашырыла турган долбоорлор тууралуу сүйлөштү.
Президент Кыргызстанда климаттык инвестициялык программа жана климаттык каржылоо борборунун иши тууралуу маалымат берди. Борбор климаттын өзгөрүүсүн жумшартууга багытталган пилоттук программанын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жардамы менен түзүлгөн.
Одиль Рено-Бассо Кыргызстан менен кызматташтыкты жогору баалап, «жашыл» экономика чөйрөсүндөгү, гидроэнергетикадагы жана башка энергетика долбоорлорун активдүү колдоого даяр экенин билдирди.
Жапаров мындан тышкары Азия өнүктүрүү банкынын башчысы Масацугу Асакава менен да жолугушту. Мамлекет башчы Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташуунун артыкчылыгын белгилеп, каржы уюмунун өлкөнүн экономикасын колдоодо берген жардамына ыраазылык билдирди.
Өлкө башчысы донор уюмдардын башчыларын Кыргызстанда климатты жакшыртууга багытталган долбоорлорду, анын ичинде чакан ГЭСтерди курууда кызматташууга чакырды. Азия өнүктүрүү банкынын жетекчисине климаттык каржылоо портфелин 150 млн. долларга чейин көбөйтүүнү сунуштады.
Масацугу Асакава бул маселе АӨБ директорлор кеңеши менен талкууланарын билдирди.
Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан дүйнө лидерлеринин климаттын өзгөрүшүнө арналган саммитине Садыр Жапаров да катышууда. Анын алкагында 120дан ашуун мамлекеттин башчылары жана жогорку жетекчилери Британияга келди. Саммитте Жапаров мөңгүлөрдүн азайышын, суу маселесин көтөрүп, сөз сүйлөрү күтүлүүдө.

Жанылыктар