Жапаров февралдын башында Кытайга барат. Иш сапарга байланыштуу онлайн иштөө режимине өттү

 Жапаров февралдын башында Кытайга барат. Иш сапарга байланыштуу онлайн иштөө режимине өттү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына боло турган иш сапарына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү. Иш графиги боюнча тлук кандуу иштөөсүн улантарын президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул дүйнөдө коронавирус инфекциясынын жайылып жаткан учурдагы кырдаалында эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылчылыгы менен шартталган.

Ушул жылдын 3-5-февралына белгиленген Кытайга боло турган сапарынын алкагында Садыр Жапаров Пекин шаарында 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Жанылыктар