ОшТВ телерадиокомпаниясы

Жапаров: “Дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат”

 Жапаров: “Дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат”

2022-жылдын 1-январынан тарта дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда мындай деп айтылт:

“Урматтуу дыйкандар жана фермерлер!

Бүгүн мен айыл-чарбасына байланыштуу жарлык чыгардым. Бул жарлыка ылайык дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотуласыздар. Бул иш, аз да болсо сиздерге жеңилдик берүү, дыйканчылыкты колдоо максатында болуп жатат. 2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабыш жерлерге салык төлөбөйсүздөр. Сиздер төлөй турган салыкты өкмөт республикалык казынадан төлөп турабыз. Мындан сырткары, келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөк 6 пайыз менен насыяларды бере баштайбыз. Албетте, бир жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди насыя менен толук камсыз кыла албайбыз. Буюрса, биздин эсеп боюнча, алдыдагы 3-4 жылда барыңыздарды толук камсыз кылууга жетишебиз.

Биздин негизги максатыбыз сиздерге шарт түзүп берип, мамлекетти тамак-аш коопсуздугу менен камсыз кылуу.

Буга чейин жерлерибиздин көпчүлүк бөлүгү айдалбай, эч нерсе себилбей келген. Мындан ары бир метр сугат жер болсо да айдалбай калбаш керек. Жергиликтүү бийликтегилер – айыл өкмөт, аким, президенттин облустардагы өкүлдөрү, бул маселеге керт башыңар менен жооп бересиздер. Ошондуктан азыртадан катуу көңүл буруңуздар. “Айыл банк” жана “РСК банк” менен тыгыз иштей баштаңыздар.

Тамак-аш коопсуздугу дейбиз. Эгер өз жерлерибизди айдап сеппесек, кайдагы тамак аш коопсуздугу? Азыр көпчүлүк тамак-ашты импорт кылып жатабыз. Тескерисинче, экспортко чыгарып турганга жетишибиз керек. Ал үчүн мамлекет сиздерге болгон күчүбүздү аябай жардам беребиз. Өз кезегинде сиздер да колуңуздарга тийген насыяны башка жакка жумшабай, максаттуу пайдаланып, мамлекетке жардам беришиңиздер керек.

Мындан сырткары, жылдык обороту 8 млн сомго жетпеген ишкерлерди салыктардын бардык түрүнөн бошоттук. Соцфонд менен киреше салыгынан башкасын.

Жылдык жүгүртүмү 8 млн сомдон ашса гана салык төгүшөт. Бул дагы ылдыйкы катмардагы бизнес менен алектенгендер үчүн өкмөт тараптан материалдык колдоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат”.

Жанылыктар