Жапаров: Чек арачылардын айлык акысы эки эсе көбөйдү

 Жапаров: Чек арачылардын айлык акысы эки эсе көбөйдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна барды.

Төрага иш сапарынын алкагында Максат айылындагы 14-17-сентябрында куралдуу кол салуунун айынан талкаланган обьектилер менен таанышты. Ошондой эле жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Жергиликтүү тургундардын басымдуусу аскер кызматкерлеринин айлык маянасы аз экенин айтышып, жогорулатуу сунушун беришти.

Ал эми Акылбек Жапаров 1-октябрдан тарта чек арачылардын айлык акысы эки эсе көбөйгөнүн, Лейлек жана Баткен райондорунда кызмат өтөгөндөргө 2 коэффициенти кошулганын билдирди.

“Мисалы 16 миң айлык маяна алган сержант 38 миң эмгек акы алып калат. Ал эми Лейлек жана Баткен райондорундагы аскерлер 76 миң сомго жакын айлык алышат”,-деди Жапаров.

Жанылыктар