Жапаров бирөөлөргө “крыша” болчу кызматкерлерге эскертүү берди

Бийлик жарым жылдык ишинин отчётун берип жатат. Жыйын президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтүүдө.
Киргизилген электрондук системалар жакшы жардам берип жатса, экинчи жагынан күч түзүмдөрү контрабанда, коррупция менен аёосуз күрөшүп жатат. “Крыша болуу” деген түшүнүктү таптакыр жок кылып жатабыз деди Садыр Жапаров. Муну менен Жапаров министрлерге, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине, аймак башчыларына эскертүү берди.
“Кимде-ким туура эмес иштерге аралашып, бирөөлөргө “крыша” болуп, же мамлекетке каршы иштердин аркасында турчу болсоңуздар, эч кимиңерди ушул кезге чейинки кылган бардык сиңирген эмгегиңерге карабайбыз! Өтө катуу жана катаал чараларды көрөбүз. Биздин мамлекетте коом өтө ачык, эч нерсени жаап-жашыра албайсыңар. Текшерүүчү органдардын оозун жапканыңар менен эл өзү ачыктап, туура-туура эместигин териштирип, алаканыбызга салып берет. Ушул жерде отурган бардык жетекчилердин кулагына күмүш сырга: биз кабыл алынган чечимдердин бардыгы сиздердин колдон жалпыланып, анан кабыл алынат”, — деди Жапаров.
Президент кабыл алынган чечимдер элдин жакшы жашоосуна да, түйшүккө малынышына да түрткү болорун белгиледи.