Жапаров: Баткенге үч миллиард сом бөлүндү

 Жапаров: Баткенге үч миллиард сом бөлүндү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги жумушчу сапарынын алкагында облуска үч миллиард сом бөлүнгөнүн билдирди.

Ошондо, буга чейин резервде 2 миллард сом болгон жана бул каражатка дагы 1 миллиард сом кошулду.

Жапаров бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган Баткен районундагы Ак-Сай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарын кыдырды, жергиликтүү эл менен сүйлөштү.

Өкмөт башчы кечээ, 29-сентябрда Лейлек районунда чек ара жаңжалынан жабыркаган айылдарды кыдырган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 62 жаран каза таап, 200гө жакын жаран жаракат алды.

Жанылыктар