Жапаров Баткенде курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты менен таанышат

 Жапаров Баткенде курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты менен таанышат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда жумушчу сапары менен жүрөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,  Акылбек Жапаров жумушчу сапардын алкагында соңку кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышат.

Белгилесек, чек ара чырында жалпысынан 418 үй жарактан чыккан, анын ичинде Баткен районунда – 317, Лейлек районунда – 100 жана Баткен шаарында 1 турак жай талкаланган.

Жапаров ошондой эле Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын көчмө отурумуна катышат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар