Жапаров Баткен облусунда курулуш иштери жай жүрүп жатканын айтты

 Жапаров Баткен облусунда курулуш иштери жай жүрүп жатканын айтты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек ара жаңжалында талкалалган объекттердин ордуна жаңыларын куру жай жүрүп жатканын айтты. Ал бул маселени жабыркаган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында билдирди.

«Мен курулуш иштери кандай жүрүп жатканы менен тааныштым. Курулуш иштери жай жүрүүдө. Мындай болбойт. Кийинки жыйында бул маселе боюнча жеке жоопкерчиликти карайбыз»,-деди Жапаров.

Жапаров комиссиянын отурумунда тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына курулуш иштерин тездетүү тапшырмасын берди.

Белгилесек, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы жумушчу сапарынын алкагында чек ара жаңжалынын айынан жапа чеккен турак-жай имараттарынын жана социалдык объектилердин курулушун көзөмөлдөдү.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар