Жапаров: Баардык кызмат көрсөтүүлөрдө жарандардын өздүгүн аныктоо үчүн биометрикалык идентификацияны киргизүү зарыл

 Жапаров: Баардык кызмат көрсөтүүлөрдө жарандардын өздүгүн аныктоо үчүн биометрикалык идентификацияны киргизүү зарыл

Баардык кызмат көрсөтүүлөрдө жарандардын өздүгүн аныктоо үчүн биометрикалык идентификацияны (Face ID) киргизүү зарыл. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ишмердүүлүгү менен таанышкан жыйында билдирди.

Быйыл санариптештирүү боюнча буга чейин кабыл алынган программаларды ишке ашырууну аяктоо каралган.

“Жаңы санариптештирүү программасын иштеп чыгуу зарылдыгын эске алуу менен Президенттин Администрациясы киберкоопсуздук, ФинТех, санариптик трансформация сыяктуу бир катар тажырыйбалуу адистерди тартуу менен эксперттик кеңешин түзүү чечимин кабыл алган. Жаңы санариптештирүү программасын иштеп чыгууда эксперттик кеңешке ар тараптуу жардам берүүңүздөрдү суранат элем”, – деди Акылбек Жапаров.

Жапров ошондой эле министрликтин жаңы Калкты тейлөө борборлорун куруунун жана ачуунун үстүндө иштеп жатканы жакшы экенин, бирок ар бир жаран колдонгон уюлдук телефон аркылуу кызматтарды алууну күчөтүп жарандардын тейлөө борборлоруна барууларын азайтуу зарылдыгын кошумчалады.

Министрликтин быйылкы планына, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, жогорку окуу жайды бүткөндүгү жөнүндөгү дипломду электрондук түргө өткөрүү киргизилген.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар