Жапаров: Авариялык абалдагы мектептер алдыдагы эки жылда жаңыланат

 Жапаров: Авариялык абалдагы мектептер алдыдагы эки жылда жаңыланат

Кыргызстандагы авариялык абалдагы мектептер жана курулушу бүтпөй токтоп турган билим берүү мекемелери алдыдагы эки жылдын ичинде бүткөрүлөт. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Акылбек Жапаров белгилегендей, бүгүнкү күндө кулап түшүү коркунучундагы 88 мектеп бар.

“ Убагында мектепти курабыз деп тендерден утуп алган компаниялар түшүнүк менен алдыга жылбай жатат. Бул маселени өкмөттө чече албасак анда, мыйзам менен Жогорку Кеңешке алып киребиз. Кырдаалды аныктап, бүтпөй турган билим берүү мекемелерин эки жылдын ичинде бүткөрөбүз”,-деди Жапаров.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар