Жапаров Астанада өтүп жаткан КМШ МБК жыйынына, “Борбордук Азия – Россия” саммитине катышат

 Жапаров Астанада өтүп жаткан КМШ МБК жыйынына, “Борбордук Азия – Россия” саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) жыйынына, “Борбордук Азия – Россия” саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

КМШ МБК жыйыны УТРК, республикалык жана облустук каналдардын, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Түз эфир Бишкек убактысы боюнча саат 12:30да башталат.

Мамлекет башчысы кечээ,  13-октябрда Астана шаарында Эгемендүүлүк сарайында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитине катышкан.  Ошондой эле Россия жана Тажикстандын президенттери менен жолугушуп, кыргыз-тажик чек ара маселесин талкуулады.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар