Жапаров: Асман шаары Ат-Башыдагы логистикалык борборго окшоп курулбай калбаш керек

 Жапаров: Асман шаары Ат-Башыдагы логистикалык борборго окшоп курулбай калбаш керек

Президент Садыр Жапаров “Вечерний Бишкек” басылмасына маек куруп, Ысык-Көлгө курула турган Асман шаары боюнча суроого жооп берип, учурда анын башкы планы иштелип жатканын билдирди. 

Мамлекет башчы Асман шаарын ички жана тышкы инвесторлор куруп, мамлекет көзөмөлдөй турганын билдирди.

“Асман шаарына казынадан бир тыйын коротпойбуз. Корото турган акчабыз да жок. Бул шаарга болжол менен 20 миллиард доллардын тегерегинде акча кетет экен. Ошондуктан биз өзүбүздүн ички жана тышкы инвесторлорго жерлерди бөлүп беребиз. Алар салат жана өздөрү сатат. Пайдасын өздөрү көрөт. Мамлекет болгону 10 пайызга чейин квартира менен алабыз дагы ипотекалык компания аркылуу элге беребиз. Эгер мамлекетибизде 20 миллиард доллар акча болгондо өзүбүз салып, 10 жылдан кийин бирге бир кылып, 20 миллиард доллар таза киреше чыгарып алмакпыз. Өзүбүз сала албагандан кийин, салабыз деп жаткан инвесторлорго берели да. Азыр генералдык план иштелип жатат. Ал деле 1-2 жылда араң бүтчүдөй. Ал шаар башталып кетсе, минимум 200 миң адамга жумушчу орун пайда болот. Экологиялык таза шаар салынат. Бардык долбоорлорун, дизайндарын, иштин жүрүшүн өзүбүз көзөмөлдөп турабыз. Астана деле ушундай метод менен курулган”,- деди Жапаров.

Жапаров Асман шаары Ат-Башыга курула турган логистикалык борборго окшоп салынбай калбаш керектигин кошумчалады.

Жанылыктар