Жапаров аймактарды кыдырып, элдин арыз даттануусун угат

 Жапаров аймактарды кыдырып, элдин арыз даттануусун угат

Өкмөткө эл жолдогон арыз-даттануулардын 80% укук тартибин коргоо органдарынын ишине байланыштуу экенин 4-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуда айтты.“Тергөө иштерине, соттук процесстерге даттанган адамдар арбын. Ошондуктан алдыдагы күндөрү башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министри Улан Ниязбеков менен биргеликте аймактарды кыдырып, жеринде элдин кайрылууларын угабыз”, – деди Жапаров.Өкмөт башчынын айтымында, алгачкы жолугушуу Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда болот.

Жанылыктар