Жапаров: “Өз күчүбүз менен Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруп баштадык”

 Жапаров: “Өз күчүбүз менен Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун куруп баштадык”

Кыргызстанда «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолу курула баштады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ,  23-мартта «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Мамлекет башчысынын айтымында, өлкө аталган темир жолду өз күчү менен куруп жатат.

«1-2 жылда Кочкорго жетип, андан ары Кара-Кечеге кирип барабыз. 30 жыл ичинде республикабызда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче, 42 километр жолубузду жоготуптурбуз. Албетте, өкүнүчтүү. Эми кайра узарта баштадык. Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадка жеткирип, бириктиребиз. Ошентип, түндүк-түштүк темир жолун ачабыз», — деп жазды президент.

Жанылыктар