Жапар Ормонов Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды

Ош шаардык Кеңешинин мурдагы төрагасы Жапар Ормонов Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды. Тийешелуу буйрукка Ысык-Көл районунун акими кол койгон. Ал эми Бердибек Иманбеков Чолпон Ата шаарынын мэри кызматынан бошотулган. Буга чейин Жапар Ормонов Ош шаардык Кеңешинин төрагасы болуп иштеген. 2020-жылы «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Шайлоодон кийинки нааразычылык учурунда Ош шаарындагы митинге ага кол салуу болгон. 2021-жылы «Ишеним» партиясынан да Жогорку Кеңешининдепутаттыгына талапкерлигин коюп бирок шайланган эмес.