ОшТВ телерадиокомпаниясы

Жапалак айыл аймагынын Орке айылында 375 орундуу заманбап шарттагы мектеп курулуп, колдонууга берилди

 Жапалак айыл аймагынын Орке айылында 375 орундуу заманбап шарттагы мектеп курулуп, колдонууга берилди
Эл аралык фонддун каржылоосу менен сметалык баасы 1млн сомду түзгөн. Долбоор шаардагы жаңы курулган ири социалдык обьектилердин катарын толуктайт. Мектептин пайдубалы өткөн жылдын июнь айында башталган.
Заманбап мектеп белгиленген убакта аяктап, бүгүн кызыл тасмасы кесилди.
Чолпонбай Түлөбердиев атындагы орто мектебинин эски имараты 1992-жылы 192 орундуу болуп курулган. Окуучулардын саны көбөйүп, бир партада 4-5 окуучу билим алып келген. Заманбап окуу имаратынын долбоорунда спорт зал, ашкана, жаңы технология менен жылуутуу сиситемасы түптөлдү.
Билим уяда окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп ар бир каана жаңы технологиялар менен жабдылган. Эки кабаттуу билим уясынынын биринчи жана экинчи кабатында ажаткана жана кол жуучу жайлар орнотулган.
Ош шаарын өнүктүрүүдө эл аралык уюмдардын колдоосу менен социалдык обьектер курулууда. Калаада жалпы 55 муниципалдык мектеп бар. Анын ичинен 5 мектептин имараты авариялык абалда. Быйылкы жылы 2 мектеп бүтүрулүп, колдонууга берилген. Ал эми 4 мектептин курулушу жүрүп жатат.

Жанылыктар