Жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар жаайт. ӨКМ билдирүү таратты

Ош облусунун тоолуу райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Бул тууралуу ӨКМ билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү ыктымал. Дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши болжолдонууда.