Жалал-Абаддагы кар көчкүдөн кийин 4 кишинин дайыны чыкпай жатат

 Жалал-Абаддагы кар көчкүдөн кийин 4 кишинин  дайыны чыкпай жатат

14-февраль күнү саат 12:30 чамасында Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунунун болжолдуу  334-чакырымындагы  Көк-Арт ашуусу жайгашкан тоннелдин түндүк тарабында кар көчкү  түшкөн. Кар «Чайна Роуд» ишканасына тиешелүү Нива унаасын, 1 даана жүктөгүч жана 2 даана экскаваторду басып калып, 3 киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Мындан тышкары, саат 17:30 чамасында аталган унаа жолдун 340-чакырымында дагы кар түшкөн.  Натыйжада 2 унаа менен вагонду сайга сүрүп кеткен. Андан 3 адам жабыркап, бирөө дайынсыз болууда.

Куткаруу иштерине ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ тартылган. 14-февраль күнү издөө-куткаруу жана тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бирок, аба-ырайына байланыштуу жана жолго кар көчкү түшкөндүгүнөн улам, коопсуздукту сактоо максатында иш-чаралар убактылуу токтотулган.

Ал эми  жабыркаган 3  жаран куткаруучулар аркылуу Сузак районунун Октябрь айылындагы ооруканага жеткирилген. Учурда  көчкү астында калган 4 жаранды издөө  иш-чаралары уланууда.

Жанылыктар