Жалал-Абадда Жылдын мыкты мугалими сынагынын баш байгесине автоунаа коюлду

 Жалал-Абадда Жылдын мыкты мугалими сынагынын баш байгесине автоунаа коюлду
Жалал-Абад шаарындагы Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гиназиясында “Жылдын мыкты мугалими-2022” сынагынын ачылышы болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришти.
Ага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мугалимдер жана ар тармактын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу катышты.
“Бул жолку сынактын өзгөчөлүгү 3 турга үч башка калыстар тобу бекитилген. Сынакта 19 мугалим күч сынашууда. Анда баш байгени жеңген мугалим облустук жана республикалык сынакка жолдомо алат. Жергиликтүү бюджеттен “Мыкты мугалим“ сынагына жана окууда ийгиликтерге жетишкен окуучуларга 1 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Анын 800 миң сому аталган сынактын байге фондуна жумшалды.
Баш байгеге Матиз үлгүсүндөгү темир тулпар болсо, калган орундарга үй-тиричилик буюмдары, ноутбук жана планшеттер берилет. Мындан сырткары мугалимдердин облустук жана шаардык профсоюз уюму тарабынан алдынкы орундарды ээлегендерге Ысык-Көлгө, Жалал-Абад санаториясына эс алуу үчүн жолдомолор тапшырылат”, – деп билдиришти маалымат борборунан.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында “Жылдын мыкты мугалими” сынагына баш байге катары автоунаа берүү мындан 14 жыл мурда орун алган. Андан бери жергиликтүү бюджеттен аталган сынактын байге фондуна мындай ири суммадагы каражат бөлүнгөн эмес.
Сынак 3 тур менен өтүп, 22-апрелде жыйынтыкталат.

Жанылыктар