Жалал-Абадда жер титирөө катталды

 Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул туурасында Сейсмология институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 5-мартта саат 19:52 чамасында Жалал-Абадда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Аксы районунун Кашка-Суу, Жаңы-Айыл айылдарында 3 балл, Кербен шаарында жана Ак-Там айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталгандай, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар