Жалал-Абадда жалган ишкерлик менен алектенген жарандар кармалды

Жалал-Абад шаарында жалган ишкерлик менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, Жалал-Абад шаарынын аймагында салык төлөөчү катары катталган субъектилер товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иш жүзүндө жеткирбестен эсеп-фактураларды жазган шектүү иштер такталган.
Анын натыйжасында жалган фирмалардын иш жүзүндөгү жана жасалма жетекчилери кармалып, алардын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды.
Бул иш боюнча “Жалган ишкерлик” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.