Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абад облусунда Кадыр Досоновдун “Женго” деген кайманаты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири К.С. кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, шектүү 2022-жылдын июнь айынан бери издөөдө жүргөн. Ал Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда К.С.тин башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар