Жалал-Абадда турак үй өртөнүп, бир адам каза болду

 Жалал-Абадда турак үй өртөнүп, бир адам  каза болду

Жалал-Абадда турак үйдөн өрт чыгып, бир адам изге ууланып каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 2-мартта саат 09:25 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарына караштуу Сай-Коргон айылында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине эки өт өчүрүү бөлүмү тартылып, өрт саат 09:45те чектөөгө алынып, саат 10:57де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 38 жаштагы А.С. аттуу эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда

Жанылыктар