Жалал-Абадда шаурмадан уулангандардын саны 22 адамга жетти.

 Жалал-Абадда шаурмадан уулангандардын саны 22 адамга жетти.

Жалал-Абад шаарында шаурмадан уулангандардын саны 22 адамга жетти.
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жетекчиси Кумар Ботокараевдин айтымында, Жалал-Абад шаарында тамак-аштан ууланганын айткан жарандар 28-июндан тарта кайрыла баштаган.
«28-29-июнь күндөрү улуу-кичүүсү болуп жалпы 22 адам жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды. Алардын абалы туруктуу, дары-дармектер берилип жатат» – деди ал.
Буга чейин Жалал-абад шаарында массалык уулануу болгону тууралуу маалыматтар тараган.

Жанылыктар