Жалал-Абадда прокуратуранын мурдагы кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды

 Жалал-Абадда прокуратуранын мурдагы кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды

Жалал-Абадда ушул жылдын 16-февраль күнү мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара талап кылуу жана алдамчылык фактысы боюнча прокуратура органынын мурдагы кызматкери  Т.Т.Т. кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, кармалган жаран мурдагы кызмат ордунда иштеген фактысына таянып, мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара алып келген.

Текшерүүдө Жалал-Абад облусундагы мамлекеттик кызмат адамдарынан 3 мин жана 10 мин АКШ долларын алуу фактысы такталды.

“Кылмышка шектүү ошондой эле айдоочулук күбөлүк алып берем деген убада берип, жарандардан ири суммадагы акча алып жүргөн. Анткени, анын атасы учурда Жалал-Абаддагы «УНАА» КР ИИМнин аймактык бөлүмүндө иштейт”,-деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар