Жалал-Абадда нотариалдык документтерди мыйзамсыз даярдоо жана жасалмалоо фактысы аныкталды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мурдагы жеке нотариусу С.У.Р. нотариалдык документтерди мыйзамсыз даярдоо жана жасалмалоо фактысы менен кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, чет элдик паспорт алуу үчүн нотариалдык документтерди мыйзамсыз каттоого жана берүүгө, андан кийин ата-энесинин макулдугусуз жашы жете элек балдарды Кыргызстандан алып чыгууга авиакассалардын, адвокатуралардын жана жеке нотариустардын айрым кызматкерлеринин тиешеси бар экендиги аныкталды.
Шектүү С.У.Р.нун жашаган жери боюнча тинтүү иштеринин жүрүшүндө 233 даана бош нотариалдык документтердин бланктары, жеке нотариустардын расмий мөөр басылган 13 даана бланктары, 1 даана расмий мөөр басылган бош кагаз, 17 даана жеке нотариустардын мөөрү басылган ишеним кат, 526 миң сом жана 2500 АКШ доллар өлчөмүндөгү накталай акчалар, жеке компьютер, лазердик принтер, жеке нотариустардын биринин расмий мөөрү, ошондой эле акча которуулардын квитанциясы табылган.
Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун авиакассаларынын кызматкерлери, адвокаттар жана жеке нотариустар тарабынан расмий документтерди жасалмалоо жана берүү фактыларынын туруктуу схемасы аныкталып, аларга карата текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.