Жалал-Абадда мажбурлап кармалып турган жаран бошотулду

УКМК Жалал-Абад шаарында эркине каршы кармалган жаран бошотулганын кабарлады.
Маалым болгондой, шаардагы батирлеринин биринде адамды өз эркине каршы мыйзамсыз кармоо фактысы аныкталган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “М.А.” аттуу кыргыз жараны бошотулган. Ал ири суммадагы карыздык милдеттенмелерин аткаруу максатында бир топ адамдар тарабынан мажбурлап кармалып турган.
Бошотулган жаран иш боюнча кылмышка шектүүлөр менен беттешүүдөн баш тарткан. Ага байланыштуу мажбурлоонун жана бөгөт коюунун процессуалдык чараларын колдонуу мүмкүн болгон эмес.
17-январында кылмыш иши боюнча арыз ээлери жана алардын жактоочусу менен бирге тергөө органына келүү макулдашылган, бирок алар келбей, АКИpress маалымат агенттигинин пресс-конференциясына катышуу менен чектелишти.
Арыз ээлери тергөө органга үстүбүздөгү жылдын 18-январынын кечинде гана келишкен. Алардын катышуусу менен бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында “А.М.”, “М.К.”, “Р.И.” жана “А.Я.” кармалып, Жалал-Абад шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.