Жалал-Абадда кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жумушчу топ жолугушту

 Жалал-Абадда кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жумушчу топ жолугушту

2023-жылдын 1-7-март күндөрү Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, макулдашылган графикке ылайык, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлганы айтылды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар