Жалал-Абадда кылмыштуу топторго тиешеси бар делген депутат кармалды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар делип жергиликтүү кеңештин депутаты “Ж.Ж.С.” кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, “Ж.Ж.С.” физикалык күч колдонуу жолу менен жергиликтүү тургундардан системалуу түрдө акча жана башка материалдык баалуулуктарды талап кылып келген.
“Кармалган жаран ошондой эле рейдерлик жол менен райондун аймагындагы айыл чарба жана балык чарбачылыгына убада кылган жер тилкелерин өзүнүн ишенимдүү адамдарына кайра мажбурлап каттатып, кийин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жолу менен басып алганы аныкталган”,-деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Кылмышка шектүү мурда ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу кылмыш жообуна тартылып, 2021-жылдан бери ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМдин маалымат борборунун АБД-ТОР каттоосунда турган.
Учурда башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.