Жалал-Абадда кар көчкү түшүп, үч адам дайынсыз болуп жатат

 Жалал-Абадда кар көчкү түшүп, үч адам дайынсыз болуп жатат

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдик жолунунун 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүп, үч адам дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди. 

Маалыматка ылайык, Кар көчкү “Чайна Роуд” ишканасына тиешелүү Нива, жүктөгүч жана 2 экскаватор унааларын басып калып, 3 киши дайынсыз болуп жатат.

Кар көчкү бүгүн саат 12:30 чамасында түшкөн. Жерине Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 6 куткаруучусу, Жалал-Абад облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, ӨКМдин жалпы 20 куткаруучусу тартылган.

Учурда “Чайна Роуд” ишканасынан 4 даана жүктөгүч, 30 кызматкер тартылып издөө жана кар көчкүнү тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Жанылыктар