Жалал-Абадда калың жааган кардан улам 80 баш кой өлдү

 Жалал-Абадда калың жааган кардан улам 80 баш кой өлдү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн Үч-Үңкүр тилкесинде калың жааган кардан улам 80 баш кой өлдү. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, калың жааган кардан улам кыштоодо калган чабандын кой кармаган бастырмасы кулап, 80 баш кой өлгөн.

Жерине АКУ менен Тогуз-Торо райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы жетектеген 9 куткаруучу тартылып, жолдо кар калың болгондугуна байланыштуу №18 ЖТИден 1 жүктөгүч жолду ачып берген. Өлүп калган койлордун тарпын куткаруучулар унаа барчу жерге чейин жеткирүүгө көмөк көрсөтүшкөн. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Жанылыктар