Жалал-Абадда калкты тейлөө борборунун кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Жалал-Абад шаарындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын калкты тейлөө борборунун кызматкери пара алууга шектелип кармалды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиргендей, Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад шаарындагы Калкты тейлөө борборунун кызматкери, 1981-жылы туулган КР жараны С.Б.Б., КР улуттук паспортторун мыйзамсыз берүү, системалуу түрдө пара алуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды.
Жалал-Абад шаарындагы Калкты тейлөө борборунун кызматкери С.Б.Б жашы жете элек балдарга 2021-жылдын үлгүсүндөгү жарандык паспортторун мыйзамсыз тариздөө жана берүү, кийинчерээк аларды башка жактарга алып чыгуу үчүн 1000 сомдон 15000 сомго чейин акча каражаттарын системалуу түрдө алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алган, ошондой эле «ортомчулардын» жардамы менен жашы жете элек баланы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга баланын ата-энесинин биринин (негизинен улуту өзбек) атынан жарандын жарандык паспортун берүүгө жана алууга укук берген жасалма ишеним каттарды даярдашкан.
Учурда системалуу түрдө акча каражаттарын алуу (пара алуу) туралуу байланыштарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.