Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титиреди

 Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титиреди

ӨКМ Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталганын кабарлады.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 21-март күнү саат 22:20да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Жер титирөө Чаткал районунун Каныш-Кыя, Айгыр-Жал, Коргон-Сай айылдарында 4 баллга чейин, Ак-Таш, Курулуш, Жаңы-Базар, Башкы-Терек айылдарында 3,5 баллга чейин, Беш-Арал, Чакмак-Суу, Терек-Сай айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Табият кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жанылыктар