Жалал-Абадда “Хизб ут-Тахрир” диний уюмунун эки лидери  кармалды

   Жалал-Абадда “Хизб ут-Тахрир” диний уюмунун эки лидери  кармалды

Жалал-Абад ОИИБдин   “Нелегал – 2021” профилактикалык иш-чарасы учурунда облус аймагында “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын эки лидери кармалды.

Алардын бири “Солдат” каймана аты менен таанымал болгон  “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын Арстанбап аймагындагы лидеринин ишенимдүү адамы, Базар-Коргон районунун тургуну 1978-ж.т. Д.А. болгон. Ал Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Мындан сырткары “Нелегал – 2021” операциясынын алкагында Сузак району боюнча “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын лидерлеринин бири, буга чейин 3 жолу соттолгон 1954-ж.т. И.И. кармалган.

Кармалган атуулдар өздөрү жашаган аймактарда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль Ислами” диний партиясынын идеологиясын жайылтуу максатында диний окууларды уюштургандыгы белгилүү болгон. Алар социалдык тармактарда фейк аккаунттарды ачышып, ал аккаунттар аркылуу экстремисттик уюмдун атрибутикаларын, аудио жана видео материалдарын таратып жүрүшкөндүгү аныкталган.

Бул фактылар боюнча тергөө амалдары толук жүргүзүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери соттун кароосуна жиберилди.

 

Жанылыктар