Жалал-Абадда гашиш баңгизатын ташып бара жаткан аял кармалды

Жалал-Абад облусунун «Чычкан» чек ара постунда “гашиш” баңгизатын ташыган аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, «Чычкан» постунда, “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү ууна токтотулуп, анда баңгизаттарды ташыган ыкчам маалымат боюнча жүргүнчү болгон.
Унааны текшерүүнүн жүргүзүү учурунда ичинде ширеңке түрүндөгү кочкул жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар кыры кесилген 51 даана баштык заттар табылып алынган. Алынган заттардын жалпы салмагы 615 граммды түзгөн.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат “гашиш” баңгизаты болуп чыккан.
Кармалган жаран 1976-жылы туулган Токтогул районунун тургуну Ш.А. экендиги аныкталган.
Азыркы учурда кармалган жаран Ош шаарынын тергөө абагына киргизилип, бул кылмыш ишине тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.