Жалал-Абадда эки милиция кызматкери пара алып жатканда кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ИИБ кылмыш иликтөөсүнүн ыкчам кызматкерлери 15 000 сом акча каражатын пара катары алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка ылайык, такталгандай, К.А.А. жана Э.А.А. аттуу Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Сузак районунун жашочусун кылмыш жообуна тартуу менен коркутуп, жасалма арыз материалдарын жасашып, оң чечим чыгарып беребиз дешип 40 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан, анын 25 000 сомун мурда алышкан.
Факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча КР УКМК Жалал-Абад башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду.
Кармалгандар УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.