Жалал-Абадда эки киши аттракциондон кулап түштү

 Жалал-Абадда эки киши  аттракциондон кулап түштү

Жалал-Абадда аттракциондон эки адам кулап кетти. Маалыматты  облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Анын айтымында, окуя 16-апрель күнү саат 23.55тер чамасында Жеңиш паркында болгон. 25 жаштагы бала менен 18 жаштагы кыз «Клоун» аттракционуна чыгып, бирок сынган отургучтан кулап кетишкен.

Милиция кырсыктын чоо-жайын иликтеп жатат. Жабырлануучулар Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган.

Маалым болгондой, кыз оор абалда реанимацияда, сыныктары бар жигит травматологияда жатат.

Жанылыктар