Жалал-Абадда алтын казуучу фирмага кар көчкү түшүп, 4 адамды басып калган

 Жалал-Абадда алтын казуучу фирмага кар көчкү түшүп, 4 адамды басып калган

Жалал-Абадда кар көчкү алдында калган жарандар куткарылды. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, ӨКМге Ала-Бука районуна караштуу Штамберди участкасында “Фуголд Майниг” алтын казуучу фирмасына кар көчкү түшүп, 4 кызматкер кар алдында калгандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Натыйжада аталган жарандар куткарылып, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.

Учурда баарынын абалы туруктуу экени айтылууда.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар